Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Алдынала келишим

АЛДЫНАЛА КЕЛИШИМ – КР жарандык мыйзамдары боюнча тараптары мүлктү өткөрүп берүү, жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү (негизги келишим) жөнүндө А. к-де каралган шарттарда келишим түзүүгө милдеттенишкен макулдашуу. А. к-дер негизги келишим үчүн белгиленген таризде түзүлөт, эгер ал белгиленбеген болсо – жазуу жүзүндө түзүлөт. А. к-дин таризи жөнүндө эрежелерди сактабоо анын жараксыздыгына алып келет. А. к. негизги келишимдин предметин белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү шарттарды, ошондой эле башка маанилүү шарттарды камтууга тийиш. А. к-де тараптардын негизги келишимди түзүүгө милдеттенген мөөнөтү көрсөтүлөт, эгер ал аныкталбаса, негизги келишим А. к-ге кол коюлган учурдан тартып бир жылдын ичинде түзүлүүсү керек. Эгер ал белгиленген мөөнөт бүткөнчө негизги келишим түзүлбөсө жана тараптардын бири экинчи тарапка муну сунуш кылбаса А. к-де каралган милдеттенмелер токтотулат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: